Сапар Исаковго Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иш козголду (видео)

650

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго дагы бир айып тагылып, ал «оор жагдайларды жараткан коррупция» ишине шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Экс-өкмөт башчы Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо мыйзамсыз аракеттерге барган деп айыпталууда. Маалыматтарга караганда, Исаков президенттин аппаратынын жетекчиси болуп турганда оңдоп-түзөө иштерине негизсиз кийлигишип, анын кесепетинен Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан.

Ошондой эле, мурдагы өкмөт башчысы жеке тараптар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарын бузуу менен музейге жаңы экспозиция жасоо боюнча чет элдик компанияны тартып келгени да белгиленүүдө. Исаковго буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштеринде да «коррупция» беренеси боюнча айып тагылган болчу.