Сапатсыз көмүрдөн иске ууланып каза болгон үч бир тууган (видео)

1726

Сузак районунда көмүр исине ууланып каза тапкан үч бир тууган жерге берилди. Ал эми балдардын энеси өзүнө келип жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кейиштүү фактылар Жалал -Абад областында көп катталып жатканын билдирүүдө. Жыл башынан бери аталган аймакта эле 9 адам иске ууланып көз жумган.

Кайгылуу окуялардын келип чыгуусуна көмүрдүн сапатынын начардыгы да себеп болушу мүмкүн экен. Себеби өлкөдө кара алтын өндүрүүгө уруксат алган компаниялар көмүрдүн сапатын текшертпей туруп казышат. Ал ортодо көмүрдүн курамын аныктай турган лаборатория болсо жаңылоого муктаж экени белгилүү болду.