Сапатсыз күйүүчү майлар да абанын булгануусуна алып келүүдө (видео)

2311

Бишкекте абадагы уулуу заттын көрсөткүчү 1 чарчы метрине миң микро-граммга чейин жетүүдө. Бул тууралуу калаага абанын сапатын текшерүүчү жабдыктарды орноткон адистер билдирип чыгышты. Айтымдарында, өтө коркунучтуу көрүнүш шаардын түдүк-чыгыш тарабындагы конуштарда байкалууда.

Ал арада экономика министрлиги Бажы биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2 жылга артка жылдырууда. Буга экологдор менен нефтетрейдерлер ассоциациясы да каршы чыгууда. Айтымдарында, абанын булгануусуна сапатсыз күйүүчү майлар да кошумча болууда.