Сапаттуу билим берүү — өлкөнүн келечеги (видео)

2185

Ош шаарындагы “Грамотей” мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы чет өлкөдөгү алдыңкы университеттерде билим алып жатышат. Бул жогорку окуу жайларына өтүү үчүн экзаменди он-лайн режимде тапшырып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен. Буга “Грамотей” мектебинен алынган сапаттуу билим жардам берген. Окуу жай 2006-жылы ачылган. Ал жакта жогорку квалификациялуу мугалимдер эмгектенет жана мектеп заманбап материалдык-техника менен жабдылган. Балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.