Сапаттуу көчөттөрдү отургузуунун жаңы ыкмасы (видео)

772

Кыргызстандын 1 миллион гектардан ашуу аймагын токойлор ээлейт. Бирок бул ресурс өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн колдонулбайт. 2015-жылдан бери Жайка эл аралык кызматташуу боюнча Япон агенттигинин долбоору иштейт. Ал Кыргызстанда бак-дарактарды тигүү менен токой чарбаларды өнүктүрүүгө багытталган. Мунун аркасы менен чарбаларда токой өсүмдүктөрүнөн жасалган мыкты сапаттагы варенье жана джем чыгарылууда.

Ал эми эт жана сүт өндүрүү жагынан япон адистери кышкы тоюттарды туура даярдоону үйрөтүп жатышат. Бул кыш мезгилинде сүт өндүрүүнү бир нече эсеге көбөйтүүгө жардам берет. Япониялык зоотехниктер тоюттун сапатын кантип текшерүүнү жана бузулуп кеткен жем-чөптү кантип кайра калыбына келтирсе боло турганын көрсөтүштү.