Саратов областында катталган жол кырсыгында кыргызстандыктар жабыркады

804

Бүгүн таңга маал Россиянын Саратов областында катталган жол кырсыгында кыргызстандыктар жабыркады. Эки жеңил унаа кагылышып, тогуз киши жаракат алган. Учурда алар областык жана шаардык ооруканада.

Бул акыркы он күндө Россияда биздин мекендештер катышкан үчүнчү кырсык болууда. 29-августта Пенза областында кыргызстандык бир жаран авариядан мерт кеткен.

Андан эки күн өтпөй, Оренбургда машина жолдон чыгып кетип, жети мекендешибиз жаракат алган.