Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен израилдик турист кызды издөө уланууда

918

Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен израилдик туристти издөө үчүн Израилден 4 куткаруучу келди. Мындан тышкары, аталган өлкөнүн Казакстандын Алматы шаарындагы консулдугунун өкүлү Германиянын элчилигинен жардам сурап, аскердик тик учак жиберүүсүн өтүнүп кайрылды.

22-жаштагы кыздын жоголгону тууралуу кабар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээ келип түшкөн. Ошол замат 10 куткаруучудан турган топ Сары-Челек коругуна барып, издөө иштерин башташкан.

Маалыматтарга караганда, ага чейин Сары-Челек коругунун 20дай кызматкери да турист кызды эки күндөй өз алдынча издешип, бирок андан майнап чыкпагандан кийин куткаруучуларга кабар беришкен.

Коруктун жетекчисинин айтымында, 3 күн мурда израилдик 4 турист корукта сейилдеп жүрүшүп, алардын бири бутун кокустатып алган. Экөөо аны менен алагды болуп жатканда, алардын бири адашып кеткени айтылууда.