Сары-Челек коругундо жоголгон израилдик турист кыздын сөөгү табылды

993

6 күн мурда Сары-Челек коругундо жоголгон израилдик турист кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматтарга караганда, ал аскадан учуп кеткен. Аны издөөгө 60тан ашык куткаруучу тартылып, издөө иштери коруктун бардык аймагында жүргүзүлүп жаткан.

Эске салсак, 6 күн мурда Израилден келген турист жоголуп кеткени кабарланган. Ал корукка шериги менен барып, бирок экөө эки башка жол менен сейилдеп кетишкен. Анда шериги бутун сындырып алып, аны экинчи күнү жакын айылдын тургундары табышкан.

Дайынсыз болуп жаткан кыз Кыргызстанга саякаттоого келээрдин алдында аскерде кызмат өтөп бүтүп жана анын физикалык даярдыгы мыкты экени да белгиленип жаткан болчу.