Сары-Жондуктар 324 гектар жайыт жеринен ажырап калышабы? (видео)

2790

Жайыт жерин коргогон жергиликтүүлөр жана анда ишкана курууну каалаган чет элдик инвесторлор. Чүй областындагы Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Айтымдарында, алар айылдын четиндеги 324 гектар жайыт жеринен ажырап калуу коркунучунда турушуптур.

Себеби бул аймакка жакында эле чет элдик инвесторлор келип, ишкана куруу боюнча долбоорун сунушташкан. Бирок ага жергиликтүү тургундар каршы. Анткени буга чейин дагы Сары-Жон айылында 17 гектар сугат жери жеке компаниялардын бирине өтүп кетиптир. Нааразы тарап менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келип жолугушту.