Сарыбашов: Санитардык талаптарды сакталбаган мечиттер кайра жабылат

6391

Ош шаарындагы 72 мечиттин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүлүп, андагы санитардык талаптардын сакталышына көзөмөл кылынат. Талапка жооп бербеген же аны сактабаган мечиттер жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

“Биз Ош шаардык казыят менен сүйлөштүк. Ага ылайык, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, беткаптар менен камсыз болууга тийиш. Намазга келгендер социалдык аралыкты сактап, мечитке беткапсыз киргизилбейт. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, — деди Сарыбашов.

Мындан тышкары Ошто учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык талаптарды сактоонун зарылчылыгы тууралуу мечиттердин имамдарына да кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.