Сасык тумоо менен ооругандар былтыркыга караганда 6 эсеге көп (видео)

3261

Быйыл сасык тумоого кабылгандардын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу 6 эсеге көптүк кылууда. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Ага ылайык, өлкө боюнча жума сайын грипп жуктургандардын саны 12 миңден ашып жатыптыр.

Адистер өткөн жылы ооруга чалдыккандардын көрсөткүчү чектөө чараларынан улам аз болгонун айтышууда. Быйыл болсо курч респиратордук илдетке чалдыккандардын саны өсүп, өзгөчө жеткинчектер арасында илдетке кабылуу көп болуп жатыптыр. Мындан улам, балдар ооруканаларында орун жетишпей, кошумча койкалар даярдалууда.