Сасык тумоого кабылгандардын саны 11 пайызга көбөйүп кетти

651

Февралдын экинчи жарымында Кыргызстанда сасык тумоо илдетине кабылгандардын саны мурдагы айга салыштырмалуу 11 пайызга көбөйүп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошентсе дагы, учурда республикада эпидемиялык абал туруктуу экени белгиленүүдө. Мындан тышкары, республиканын бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде калк арасында курч респиратордук вирустук ооруларды жана сасык тумоону алдын алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы айтылды.

Бир топ менчик медициналык борборлордо сасык тумоого каршы эмдөөлөр улантылып, алардын наркы 500 сомдон 600 сомго чейин болуп жатат.