Сатыбалды Далбаев акыркы сапарга узатылды (видео)

1474

Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаевдин сөөгү жерге берилди. Аны түбөлүк сапарга узатуу зыйнаты Далбаев 60 жылдык өмүрүн арнаган драм театрда өттү. Сатыбалды Далбаевдин дүйнө салышы менен Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова баштаган улуу таланттардын бир доору кетти, дешет өнөр адамдары. Ал Ленин, Сейиттин образдарын мыкты аткарып, театр искусствосунун тарыхында түбөлүк из калтырды.

Эл артисти 85 ке келип калса дагы өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин театрга баш багып, жаңы спектаклдерди көрүп, жаштарга кеп-кеңешин айтып келген. Сатыбалды Далбаев Кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн корифейи болгон, деп эскеришти аны акыркы сапарга узатууга чогулгандар.