Сатып алган унааны өзүңөргө каттатып алгыла (видео)

722

Бишкек – Кара-Балта жолуна пилоттук долбоор катары киргизилген видео байкоо системасына жол эрежесин бузуп түшкөн машиналардын ээсинин 75 пайызы табылбай жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Бир жарым жыл ичинде ошол аймактагы видеокөзөмөлгө катталган айып пулдардын көлөмү 45 миллион сомдон ашкан. Бирок анын 25 пайызы гана өндүрүлгөн. Калган машина ээлери даректерин алмаштырып кеткендиктен жана башка себептерден улам табылбай келет. Мындан улам, учурда унааларды кайра каттоонун наркын кескин арзандатуу сунушталууда. Бул үчүн айдоочуларга 2-3 айлык мөөнөт берилет. Ал эми кайра каттоонун баасы нотариустардын кызмат акысына теңелет же андан да арзандайт. Болжол менен 500-1000 сомдун тегерегиндеги сумма аталууда.