Сауд Арабияда бутун сындырган мекендешибизге жардам көрсөтүлүп жатат

1079

Сауд Арабияда буту сынган жаачы Асланайым Ашировага зарыл жардамдар берилүүдө. Бул тууралуу «Көчмөндөр ааламы» делегациясынын уюштуруу комитетинин башчысы Айнура Темирбекова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын алдында социалдык тармактарда оюндар учурунда жабыркаган мекендешибизге керектүү жардам көрсөтүлбөй жатканы тууралуу маалыматтар чыккан болчу.

Ошондой эле Асланайым Аширова өзү дагы билдирүү калтырган. Анын айтымында кырсык 8-март күнү болуп, ал он бутун сындырып алган. Ооруканага жеткирилгени менен эки күн дарыгерлер карабай койгонун, аябай кыйналганын жазган. 10-март күнү гана Кыргызстандан барган делегация мүчөлөрү, элчиликтин кызматкерлери келип, кечээ араң алдыңкы госпиталга которуу тууралуу сөз болгон. Учурда бутумду сактап калуу боюнча аракеттер башталды деп жазды Аширова.

Белгилей кетсек, азыр Кыргызстандык эки миңдей жаран Сауд Арабиядагы тоо фестивалына катышууда. Иш чаранын алкагында 9-мартта бул жактан барган топ «Көчмөндөр ааламы» деп аталган программа тартуулашкан. Этнофестивалга 98 мамлекеттин өкүлдөрү чакырылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.