Саунада жарым миллион доллар пара сураган аткаминер (видео)

624

УКМКнын кызматкери 350 миң сом пара талап кылып, анын 50 миң сомун алып жатканда колго түштү. Ошондой эле, Нарын областында Аскер комиссариатынын жетекчиси бир жарандан 70 миң сом сурап, анын жарымын алып жатканда кармалды.

Ал эми Бишкекте ири суммадагы пара алуу менен алдыга чыккан министрдин орун басарынын соту башталды. Соттук процессте Азимкан Жусубалиевге каршы арыз жазган Казакстандын жараны күбө катары суралды.