Саякатчы жетекчилерге кандай чара көрүлөт? (видео)

807

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматын тапшырат. Бул боюнча арыз учурда өкмөттө каралып жатыптыр. Буга чейин Башкы прокуратура Лунара Мамытова 2 жылдын ичинде 3 жолу кызматтык сапарга чыкканын жана бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин билдирген.

Аны менен катар эле эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкул Исакунова, орун басары Жылдыз Полотова жана мурдагы аткаминер Зууракан Каденова да өз билемдик менен чет элдик иш сапарларга барып жүргөнү аныкталды. Азырынча аты аталган жетекчилер боюнча премьер-министрдин чечими чыга элек. Ал эми Башкы прокуратура мекемедеги мындай мыйзам бузуулар боюнча өкмөткө сунуштама киргизген.