«Саякбай» тасмасы Монреалда өткөн кинофестивалында баш байгени жеңип алды

1370

Кыргызстанда тартылган «Саякбай» көркөм фильми Монреалда өткөн эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип алды. Тасма «Мыкты инновациялык фильм» категориясында «Алтын Зенит» сыйлыгына татыды.

Улуу манасчынын басып өткөн жолу чагылдырылган кино былтыр тартылган. Анын сценарийинин автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Башкы ролдорду актер Марат Жанталиев менен Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматовдор аткарышты.

«Саякбай» тасмасы 7-сентябрдан тарта көрүүчүлөргө тартууланат.