Саясатчылар чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырышты (видео)

934

Административдик ресурсту аша чаап пайдалануу, жалган маалымат таратуу менен каралоо жана башка ыпылас ыкмалар! «Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылынын өкүлдөрү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлгөн байкоолорунун жыйынтыгын чыгарышты. Белгилүү саясатчылар бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан талапкердин тарапташтарына эскертуу жасап, ар кандай чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырышты. Алардын айтымында, ар кандай провокациялык маалыматтарды коомдук телеканалдардан 24 саат бою бере берүүнүн өзү коомдун тынчтыгын бузууга алып келиши мүмкүн.