Саясатчыларды санаага салган 9 пайыздык чек (видео)

559

Кийинки аптада шайлоо босогосун 9 пайыздан кайра 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам-долбоору парламенттин талкуусуна коюлат. Бул тууралуу документтин авторлору билдиришти.

Ал эми парламенттин экс-спикерлеринен турган кеңеш ал көрсөткүчтү 3 же 5 пайызга түшүрүү керектигин айтып, бийлик бутактарынан жооп күтүп жатышат. Талдоочулардын пикиринде, 9 пайыздык чек парламентке жаңы партиялардын келишине бут тосуп, жең ичинен мандат сатууну күчөтүүдө.