Саясатчылардын банк эсептери текшериле баштайбы? (видео)

630

Банктык эсептер менен уячалардын купуялуулугу кайрадан коркунучта. Өкмөт сунуштаган документке ылайык, тергөө органдары соттун чечимин күтүп отурбастан эле, кардарлардын банктагы маалыматтарын текшере алышат. Бирок буга банктар бирикмеси каршы чыгышты. Мындай кадам инвесторлорду чочутуп, бизнес чөйрөсүнүн нараазычылыгын жаратат деген кооптонулар бар. Өкмөт мындай демилгени жөн жерден сунуштаган жок. Бул документ жемкорлукка каршы күрөшүү кампаниясынын алкагында иштелип чыккан.

Ал аркылуу тапкан кирешеси күмөн жараткан мурдагы жана азыр иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин банктык эсептерин текшерүүгө жол ачылышы мүмкүн. Белгилей кетсек, былтыр мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык уячасынан эле бир миллион доллар табылган. Ал мыйзамсыз байыган деп айыпталууда. Андан көп өтпөй эле, Зилалиев Геология агенттигин жетектеп турган маалда кен иштетүүгө эң көп лицензия берилгени аныкталган.