Саясий ишмерлер мамлекеттен компенсация талап кылышат (видео)

1396

Мурда соттолгон саясатчылар абакта отурган ар бир күнү үчүн мамлекеттен компенсация талап кылууга даярданууда. Мындан тышкары, алар убагында кылмыш ишин козгогон тергөөчү, прокурор жана өкүм чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартуу боюнча кайрылуу жасашат экен.

Кечээ Жогорку сот «Элдик парламент» бирикмесинин мүчөлөрүнө карата кылмыш иштерин токтотуу чечимин чыгарды. Ага чейин дагы саясатчыларга байланыштуу бир канча резонанстуу иштерде өкүмдөрдү кайра кароого жөнөткөн. Бул боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, абакта отуруп чыккан мурдагы депутат, экс-мэрлерге төлөнүүчү компенсациянын суммасын аныктоо сунушталууда.