Саясий негизде козголгон кылмыш иштери кайра каралабы? (видео)

950

Күмөндүү себептер менен камакта жаткан же кылмыш иши козголгон саясатчылар жана жарандык активисттер кимдер? Алар саясий куугунтукка кабылдыбы же жасаган кылмышы үчүн айыпталып жатышабы? Соңку кездери кыргыз коомчулугунда саясий негизде козголгон кылмыш иштерин кайрадан карап чыгып, адилеттик орнотуу талабы көп айтылууда. Жума башында буга байланыштуу атайын форум дагы болуп өткөн. Андан тышкары, кечээ күнү Сооронбай Жээнбеков сот тутумунда реформаны аягына чыгарып, адилеттүү сот системасын орнотууну тездетүү керектигин билдирди.