Саясий партиялар чет өлкөдөн каржыланбашы керек! (видео)

848

Саясий партиялар өлкөнүн бардык аймактарынын тургундарын өзүнө камтып, парламентте ар бир район, шаардын өкүлү болушу зарыл. Кыргызстандагы саясий бирикмелердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары 2 мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты. Ал документтерде партиялардын чет өлкөдөн каржылануусуна дагы тыюу салуу каралган. Ал арада бир катар саясий талдоочулар бул демилгелер кагаз жүзүндө гана калышы мүмкүн деген пикирлерин билдиришүүдө. Айтымдарында, учурда партиялар байлардын саясий клубуна айланып, шайлоо тизмелерине ири каражатсыз кирүү мүмкүн эмес.