Саясий партияларды мамлекет каржылайбы? (видео)

1090

2026-жылдан тарта саясий партиялар мамлекет тарабынан каржылана башташы мүмкүн. Дал ушундай өңүттөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланды.

Авторлордун сунушуна ылайык, шайлоого катышып, жалпы добуш берүүчүлөрдүн 2 пайыздан көп колдоосун тапкан бардык саясий бирикмелер мамлекеттин эсебинен финансылык жардам ала алышат. Бул башкаруу тутумунун жакшыруусуна өбөлгө түзөт экен. Бирок айрым эл өкүлдөрүнө мындай демилге жага берген жок.