Саясий талдоочулар: БШК жоопкерчиликтен качууда (видео)

739

Административдик ресурсту колдонгон вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди жазалай албаган өкмөт башчы мококтугун көрсөттү. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жоопкерчиликтен качууда. Бул тууралуу саясий талдоочулар айтышууда. Алардын пикиринде, өлкөдө таза шайлоо өтүп, туруктуулук болсун десе, өкмөт административдик ресурс колдонгон мүчөлөрүнөн арылышы керек. Мындай пикирди өлкөнүн Акыйкатчысы дагы карманат. Анын айтымында, мыйзамды бузгандарды катуу жазаласа, борк ал десе баш алган аткаминээрлер сестенип калмак. Бирок бул жаатта Боршайком менен аткаруу бийлиги алсыздыгын көрсөтүп жатат. Ал эми жаңжалдын башкы себепкери Дүйшөнбек Зилалиевдин отставкага кете турган ою жок.