Сегиз жаштагы Ибрагим ак өргөлүү болду (видео)
1362
6 жыл мурда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Ибрагим ак өргөлүү болду. Кайрымдуулук менен алектенген “Рахим” фонду Көк-Жар кичи районундагы 2 бөлмөлүү батирди сегиз жаштагы бөбөктүн үй-бүлөсүнө белекке берди.
Азырынча анын жашы жете элек болгондуктан турак-жай апасынын атына каттатылды. “Рахим” фондунун негиздөөчүсү Айдар Окенов 2015-жылы январда Ибрагимдин катуу сабалганын угуп алып жаман абалда калганын айтат. Ошондон бери ага жардам берип келген.