Сегиз жылда Кумтөрдө эмне өзгөрдү? (видео)

3466

Жетекчилиги алмашкан “Кумтөр” ишканасы, Петров көлүнүн суусун пайдалангангандыгы үчүн өлкө бюджетине жылына 3,5 миллион сомдон кем эмес каражат төгүүнү көздөөдө. Ал үчүн министрлер кабинети суунун баасын токтом аркылуу бекитип бериши керек. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда билдирди.

Жети-Өгүз районунун өкүлдөрү кечээ күнү Кумтөрдө болушуп, кендин учурдагы экологиялык абалынан кабар алышты. Белгилей кетсек, жергиликтүү жашоочулар экологиялык талаптарды бузуугандыгы үчүн “Кумтөр” ишканасын сотко беришип, райондук соттон утуп алышкан.