Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

766

Cуу ташкындоо коркунучунан улам, Жалал-Абад областынын Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Түндө Кара-Үңкүр дарыясында суу нугунан ашып кеткен. Анын кесепетинен, пахта тазалоочу заводдун аймагын жана 100гө жакын турак-жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

Учурда адистер жана жергиликтүү тургундар дарыянын жээгин бекемдеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жаандан улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын аймактарында жаратылыш кырсыгы болушу ыктымалдыгын эскертүүдө.