Лоббист депутаттар утабы же жаратылышты коргоочуларбы? (видео)

608

Тоо эчкини улагы менен кошо аткан аңчыларга издөө жарыяланды. Алар кармалып, күнөөлөрү аныкталса, 200 миң сом айып төлөшүп, административдик жазага тартылышат. Учурда ал аңчыларды Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигининин Ош областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери милиция менен биргеликте издеп жатышат.

Ал арада Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары тарабынан «жаныбарлардын айрым түрлөрүн атууга тыюу салуу боюнча» мыйзам долбоору сунушталып, документ коомдук талкууга чыгарылды. Эске салсак, былтыр ушундай эле мыйзам долбоору парламентте колдоо таппай калган болчу. Ошол убакта ал документке каршы чыккандар бул жолу жаңы мыйзамдын авторлору экен.