Селдин кесепетинен турак-жайсыз калган аравандыктар (видео)

1704

Катуу жааган жаандын кесепетинен Ош областынын Араван районунун Маданият айылында сел жүрүп, бир нече турак-жайды жана социалдык обьекттерди суу каптады. Эки үй биротоле жараксыз абалга келип, алардын жашоочулары туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлдү. Аталган айылдагы мектеп менен бала-бакчанын короолоруна суу толуп, кооптуу кырдаал жаралган. Андыктан жергиликтүү бийлик кум-шагыл толуп калган короо-жай, жер төлөөлөрдү дезинфекциялоо аракетин көрүүдө. Ал эми жаратылыш кырсыгынын кесепетинен турак-жайлары талкалангандар кайда барып жашайбыз, деп түйшөлүп жатышат.