Селсаяктар байырлап, таштандыга толгон сейил бак (видео)

4012

Маданият министрлиги эс алуу бакты кароосуз калтырганы үчүн айыпка жыгылды. Бир убакта жапжашыл болгон Кычан Жакыпов атындагы балдар гүлбагы учурда кейиштүү абалда турат. Парктын ичин чөп басып, бак-дарактары сугарылбай куурай баштаган.

Аталган бакча бир нече жылдан бери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында экен. Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы сейил багы боюнча эскертүү аткарылбаганы үчүн аталган министрликке айып салды.