Селсаяктардын баш калкасына айланган мончо (видео)

6029

Бишкек мэриясынын балансында турган миңдей мүлктүн 40 пайызы эски абалда. Анын жарымы такыр эле жараксыз болуп калган. Имараттардын жоктугунан жумушчулар мындай жайларда иштөөгө аргасыз. Ал эми колдоонуга жараксыздары болсо жабык турат. Калаа бийлиги көптөн бери айтып, бирок иш жүзүнө ашыра албай жүргөн №2 муниципалдык мончонун тагдыры жакын арада чечилгени турат.

Долбоор боюнча эски имарат толугу менен бузулуп, ордуна жаңысы салынат экен. Мэрия коомдук жуунуучу жайды шаардык казынанын эсебинен курууну мерчемдеп жатыптыр. 60 жыл мурда салынган муниципалдык мончо азыр селсаяктардын баш калкалоочу жайына айланган.