Шаан-шөкөттүү үйлөнүү тойдун ордуна кайрымдуулук (видео)

918

Шаан-шөкөттүү үйлөнүү тойдун ордуна — кайрымдуулук иштери. Тойго ашыкча каражат коротуунун ордуна аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жардам берген жаштардын саны көбөйүүдө. Алардын бири — Залкар Назарбек уулу менен Айжамал Замирбекова.

Экөө улуттук каада-салтты сактап баш кошушкан. Ыксыз чыгымдарды кыскартып, андан үнөмдөлгөн акчага аз камсыздалган 30 үй-бүлөнүн балдар-кыздарына кийим-кече алып беришти. Андан соң жеткинчектер менен биргеликте 30 көчөт отургузушту.