Шаар күнүнө карата Ошто бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөт

5029

5-октябрда ордолуу Ош шаарынын күнү белгиленет. Быйыл атайын салтанатка жергиликтүү артисттерден тышкары коңшу Өзбекстандан жана түрк тилдүү башка мамлекеттерден өнөр адамдары келишери күтүлүп жатат.

Ошондой эле, «Ак ниет»сейил багы ачылып, «Гүлдөр» фестивалы, «Боорсок» фестивалы өтөт. «Күз берекеси» деп аталган айыл чарба жарманкеси жана башка маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалып келет. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.