Шаардык депутаттардын кимиси «таштанды падышасы»? (видео)

2241

Бишкек мэриясы таштанды полигонун рекультивациялоо үчүн алынган кредитти өз убагында өздөштүрбөгөнү үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына 135 миң евро айып төлөдү. Тактап айтканда, 10 миллион сом текке кетти. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников билдирди. Анын айтымында, апрель айынан бери таштанды жайында эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес.

Эскерте кетсек, Европа өнүктүрүү жана реконстуркциялоо банкы мэрияга 22 миллион евро өлчөмүндө кредит жана грант бөлгөн. Бул акчага шаар бийлиги таштандыны иргөөчү завод менен жаңы санитардык полигон курушу керек болчу. Бирок айрым аткаминерлердин кайдыгер мамилесинен улам иш ордунан жылбай, мамлекеттик бюджет кошумча чыгымга учуроодо.