Шаардык кеңеш мэрге ишеним көрсөтпөө укугунан ажыратылыбы? (видео)

2189

Бишкек шаардык кеңеши мэр жана анын орун басарларына ишеним көрсөтпөө укугунан ажыратылышы мүмкүн. Буга жол ачкан мыйзам долбоору мэрия тарабынан сунушталып, коомдук талкууга чыгарылды. Ошондой эле, эл өкүлдөрү мындан ары жергиликтүү бийликтин жумушун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыра албай калышы ыктымал.

Бишкек мэриясы аталган документ Борбор калаанын жана Ош шаарынын статустары жөнүндө мыйзамдарды Конституцияга ылайык келтирүү үчүн демилгеленип жатканын айтканы менен шаардык кеңештин депутаттары алардын ыйгарым укуктарынын кыскартылышына караманча каршы.