Шаардык кеңештин депутаттары А.Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдошту

749

Бишкектин мэри Албек Ибраимов кызматынан кетиши керек. Мындай чечим бүгүн борбор шаардын кеңешинин кезексиз жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Баш калаанын депутаттары эки маселени талкуулоо үчүн чогулушкан: Бишкектин жашоосун камсыз кылуудагы абал жана биринчи вице-мэр Ренат Макеновдун камалышы. Шаардык кеңештеги көпчүлүктүн коалициясынын башчысы Таалайбек Сагынов кошумчалагандай, депутаттар ошондой эле, мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесин дагы көтөрүштү.

Айта кетсек, Бишкектин шаар башчысы бир нече күн мурда эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен. Ал өлкөдөн тышкары кетип калды, деген маалыматты мэриянын басма-сөз кызматы четке какты. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев белгилегендей, Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселесинде саясий себеп жок. Анын айтымында, мэриянын финансылык иштерин тескеген вице-мэр Ренат Макенов камалгандан кийин, депутаттарда көп суроолор пайда болду. Ушундай кырдаалда мэр эс алууга кетип калды, деп депутаттар нааразы болушууда.

Бишкек шаардык кеңешиндеги бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгында, сессияга катышкан 40 депутаттын бардыгы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө сунушун колдошту. Отурумга 5 депутат келген жок.