Шадиевдин канча байлыгы бар жана өзү кайда жүрөт? (видео)

1203

Прокуратура тарабынан айыпталган депутат Аскарбек Шадиев кайда экени — азыркыга чейин так белгилүү болбой жатат. Буга чейин анын жардамчысы депутат дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткенин айтса, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетити Шадиев өлкө аймагынан чыккан жок, деп билдирген. Кесиптештери дагы эл өкүлү эч жакка чыкпаганын, бирок кайда экенин билбей тургандыктарын айтышты. Ал арада жакынкы күндөрү Аскарбек Шадиев мүчө болгон Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы атайын отурум өткөрүп, бул кырдаал боюнча билдирүү жасай турганы белгилүү болду.