Шафкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди

902

Кыргызстанга Өзбекстандын жетекчиси Шафкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев ардак кароол менен тосуп алды. Эки өлкөнүн гимндери жаңырган соң, тараптар жылуу учурашты. Андан кийин, президенттер баштаган делегациялар «Ала Арча» резиденциясына багыт алышты. Ал жакта тар жана кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүрөт деп күтүлүүдө.

Анын жыйынтыгы менен, маанилүү документтерге кол коюлат. Алардын бири — чек ара боюнча келишим. Былтыр Алмазбек Атамбаев менен Шафкат Мирзиеевдун жолугушуусунда өкмөттөргө чек араны делимитациялоо боюнча ишти активдештирүү тапшырмасы берилген.

Бир жыл ичинде, эки өлкөнүн комиссиялары 16 жолугушуу өткөрүп, 1 миң 170 чакырым жер боюнча орток пикир табышкан. Бул жалпы чек аранын 80 пайызын түзөт. Калган участокторго байланыштуу сүйлөшүүлөр дагы улантылат. Такталган 1 миң 170 км боюнча, мамлекеттер ичиндеги процедуралар аяктап, келишимдин долбоору даярдалган. Бүгүн бул маанилүү тарыхый документке кол коюлуп, Кыргызстан-Өзбекстан алакасында жаңы барактын бети ачылат.

Белгилей кетсек, Шафкат Мирзиеев президент катары Кыргызстанга алгачкы жолу мамлекеттик иш сапары менен келип жатат.