Шафкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет

882

Кыргызстанга Өзбекстандын лидери Шафкат Мирзиёев мамлекеттик иш сапары менен келет. Бул визит тарыхый окуя, деди президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева. Анын айтымында, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн чек арасы боюнча келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Былтыр Алмазбек Атамбаев менен Шафкат Мирзиёевдун жолугушуусунда, өкмөттөргө чек араны делимитациялоо боюнча ишти активдештирүү тапшырмасы берилген. Бир жыл ичинде эки өлкөнүн комиссиялары 16 жолугушуу өткөрүп, 1170 чакырым жер боюнча орток пикирге келишкен. Бул жалпы чек аранын 80 пайызын түзөт. Калган участокторго байланыштуу сүйлөшүүлөр улантылат. Такталган 1170 км боюнча мамлекеттер ичиндеги процедуралар аяктап, келишимдин долбоору даярдалган. Эртең бул маанилүү тарыхый документке кол коюлуп, Кыргызстан-Өзбекстан алакасында жаңы барактын бети ачылат.

Белгилей кетсек, Шафкат Мирзиёев президент катары Кыргызстанга алгачкы жолу мамлекеттик иш сапары менен келип жатат.