Шахмат боюнча Азия чемпионатынын коногу — Анатолий Карпов (видео)

1054

Эрежелери катаал, шарттары жөнөкөй интеллектуалдык оюн. Бишкекте ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Эл аралык мелдеште күч сынаш үчүн 10дон ашуун өлкөдөн 144 спортчу келишкен. Ошондой эле, чемпионатка ардактуу конок чакырылган. Ал шахмат легендасына айланган Анатолий Карпов. Анатолий Евгеньевич спорттун бул түрү боюнча дүйнөнүн 12 жолку чемпиону. Белгилей кетсек, анын катышуусунда өткөн мелдештер абройлуу деп эсептелет. Бишкекте болуп жаткан Азия чемпионаты 21-сентябрга чейин уланат.