Шайлоо – 2017: ойдон чыгарылган жалган жалаа жабуу күчөдү (видео)

940

Бийликтин талапкеринин штабы жана мамлекеттик маалымдоо каражаттары айласыздан каралоо ыкмасына өтүштү! Өткөн аптадан бери, башкаруучу партиянын талапкеринин негизги атаандашына каршы ойдон чыгарылган жалган жалаа жабуу күчөдү. Оппозициячыл кандидаттын коңшу мамлекеттин президенти менен жолугушуусу, чет элдик ишкерлер менен байланыштыруу аракеттери КТРК баштаган мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынан тынымсыз көрсөтүлүүдө. Жалданма эксперттердин жардамы менен бир тараптуу жамандоо аракеттери жүрүп жатат. Талдоочулар бул көрүнүштөрдөн эл аралык журналистиканын этикасы, талапкерлерге бирдей шарт түзүү принциби бузулуганын айтып, мамлекеттик органдардын буга карата чара көрбөй жатышын сынга алышууда.