Шайлоо-2020. Жергиликтүү кеңештерге кимдер аттанды? (видео)

1369

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого саналуу күндөр калды. 13-марттан тарта партияларга үгүт иштерине старт берилет. Эксперттер, кандидаттар атаандаштарын артка калтырып, суурулуп чыгуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдоноорун айтышууда.

Учурда шайлоо комиссиялары шаардык кеңешке партиялар тарабынан берилген, ал эми айылдык кеңешке талапкерлер тапшырган документтерди текшерип жатат. Беш шаарда жана 25 айылдык кеңештерге шайлоо 12 апрелге белгиленген.