Шайлоо 2020. Компроматтар согушу. Кара пиар (видео)

1354

Үгүт маалында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте чыккан маалыматтар көзөмөлдөнөт. Бул үчүн Башкы прокуратурада штаб түзүлдү.

Саясат талдоочулардын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин кадыр-баркына шек келтире турган маалыматтык чабуулдар бул жолку шайлоодо көбүрөөк болушу мүмкүн. Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына кара пиар боюнча арыздануулар түшө элек.