Шайлоо-2020: үгүт иштери башталды (видео)

2929

25 айылдык жана 5 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого чейин туура бир ай калды. Саясий өнөктүккө катыша турган партиялар расмий түрдө үгүт иштерин башташат. Бул жолу анын жол-жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Алсак, саясий партиялар стадиондорго элди чогултуп, концерт кое албайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби талкууланды.