Шайлоо-2021: форма-2нин башка түрү пайда болушу мүмкүн (видео)

2644

Парламенттик шайлоодо өлкөдө миңдеген жарандар добуш бере алышпайт. Ал эми убактылуу каттоого турууга жетишкендер бир мандаттуу округ боюнча эмес, партиялар арасында гана тандоо жасай алышат. Бирок ички миграцияда жүргөндөрдүн баары эле бул мүмкүнчүлүктү колдонууга шашылышкан жок.

Былтыркы башаламанга себеп болгон форма-2 жокко чыгарылганы, миңдеген жарандардын шайлоого баруусун чектеп койду. Белгилей кетсек, добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 18-ноябрда бекитилет. Кийинки бешинчи күнгө чейин тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мыйзам жол менен берет.