Шайлоо – 2021: Кайсы партиялар биригет? (видео)

2167

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталат. 28-ноябрга белгиленген саясий өнөктүккө катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ондон ашты. Арасында парламенттин азыркы курамына кирген бирикмелер дагы жок эмес.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлерди көрсөтүү — Боршайком анын чегин тактап, бекитип, тизмесин жарыялагандан тарта башталат. Жарандар депутаттыка талапкер катары катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөтө алат. Ошондой эле ар бир партия түзүлгөн округдар боюнча өздөрүнүн кандидаттарын сунуштаса болот.