Шайлоо – 2021: талапкерлерге кандай талаптар киргизилди? (видео)

958

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын саны азайды. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен “Эркин Кыргызстан2 жана “Эне жүрөгү-Мекен” партиялары саясий бирикме тууралуу туура эмес маалымат бергендери үчүн жарыштан четтетилди. Азыркы тапта калган 73 уюм жана бир мандаттуу округдан бара турган талапкерлер шайлоо фонддорун ачуу менен алектенип жатышат.

Кийинки жумадан тарта Борбордук шайлоо комиссиясы кандидаттардын арызын кабыл ала башташы мүмкүн. Ал эми партиялар алгач съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап алышы шарт. Бул ирет кандидаттарга карата кандай талаптар киргизилген?