Шайлоо алдында массалык түрдө каттоого тургандар көбөйдү (видео)

1203

Ош областынын Кара-Суу районунда шайлоо алдында массалык түрдө каттоого тургандар көбөйдү. Бул боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, каттоо кызматкерлери суракка чакырылды. Ал эми Бишкек шаарында бюджеттик каражатты бир партиянын үгүт иштерине сарптаган деп шектелип, камакка алынган мурдагы аким үй камагына чыкты.

Ал акча которгон партиянын жана талапкердин аты аталган жок. Тергөөнүн маалыматынын негизинде, эми Борбордук шайлоо комиссиясы чечим чыгарышы керек. Бишкекте ат салышып жаткан 25 партиянын үчөө мыйзамдарды көп бузуп жатканы айтылды. Алар шайлоодон четтетилиши мүмкүнбү?